Президенттин маалымат кызматы кабарлаганга караганда, маркумду жерге берүү расмисин уюштуруу үчүн биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев жетектеген мамлекеттик комиссия түзүлдү. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмиси 30-майда эртең менен саат 10.00до Улуттук драма театрында өтөт. Белгилүү режиссер, коомдук жана саясий ишмер Дооронбек Садырбаев бүгүн эртең менен Чүй облустук ооруканада 69 жаш курагында көз жумду. (BuS)