Ак үйдүн мурдагы маалымат катчысы Скотт МакКлеллан өзүнүн “Эмне болду” деген китебинде АКШнын президенти Жорж Бушту Ирактагы согуштун чыныгы себептерин жаап-жашырган жана “бул согуш Кошмо Штаттарга керек” деп элди алдаган деп кескин сынга алды. Ак үйдүн азыркы маалымат катчысы Дана Перино Скотт МакКлелланды “ачууга алдырган” деп мүнөздөп, Жорж Буш бул боюнча комментарий бербестигин тастыктады. Скотт МакКлеллан 2000-2006-жылдары Буштун маалымат катчысы болуп иштеген. Ал өзүнүн китебинде Ирактагы согушту керексиз жана негизсиз деп баалаган.