Түркиянын борбору Анкара калаасында түрк тилдүү элдердин белгилүү жазуучулары, сүрөтчүлөрү жана маданият ишмерлери кыргыздын белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүштү. Бул тууралуу түрк маалымат кызматтары жазып чыгып, аны Түркияда жүргөн Кыргызстандын маданият министри Султан Раев дагы тастыктады. Анкарада өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин маданият министрлери катышкан “Түрксой” уюмунун жыйынынын 24-отурумунда Түркиянын президенти Абдуллах Гүл дагы жазуучунун эмгектерин бийик баалап, анын чыгармалары дүйнөлүк мааниге ээ деген. Айта кетсек ушул эле жыйында Ч.Айтматовго беш жылда бир берилүүчү “Түрксойдун” сыйлыгы да тапшырылган. (IJz)