Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

17:29 Талас: Белгисиз адамдар энеси менен баласын бычактап өлтүрүп кетишти


Таласта Бакайата районунун Өзгөрүш айылында белгисиз адамдар Манас көчөсүндөгү бир үйгө кирип, энеси менен баласын бычактап өлтүрүп кетишти. Талас облустук милиция башкармасынын тергөөчүсү Данияр Абдыкадыр уулунун тактамасы боюнча жогоруда аталган үйдө белгисиз адамдардын бычагынын мизинен 1970-жылы төрөлгөн Айнура Кабылбекова жана анын баласы 1994-жылы туулган Ринат Бектур уулу кайтыш болушкан. Ал эми ошол бүлөнүн кызы Гүлназ Бектур кызы терезеден качып чыгып аман калган. Бул окуя 26-май күнү түнкү саат экилер чамасында болгон. Кылмыш жасаган адамдар азыркы тапка чейин кармала элек. Бүгүнкү учурда окуяга байланыштуу оперативдик атайын топ түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (UA)

XS
SM
MD
LG