Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ ЭЛДИН ЖҮРӨГҮНДӨ ЖАШАЙТ


“Өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” дегендей залкар дирижер, айтылуу композитор, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл артисти Калый Молдобасанов 2006-жылдын 29-майында экинчи жолу кан басым оорусу менен ооруп 3-4 күн тил оозсуз жатып о дүйнөгө сапар алганына мына бүгүн эки жыл толуп отурат. Буга байланыштуу кабарчыбыз Балбай Алагушов Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны кепке тарткан.

Балбай Алагушов: -“Убакыт учкан куштай” дегендей, Кайыргүл айым, кыргыздын профессионалдык музыкасынын туусун көкөлөтө көтөргөн залкар дирижер, айтылуу композитор Калый Молдобасановдун арабыздан о дүйнөгө сапар алганына мына бүгүн эки жыл толуп отурат. Маркум Калый аке менен узак жылдар А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында бирге иштешип жүрдүңүз. Калый аке өзүңүзгө арнап ырларды, романстарды жазыптыр. Алардын бири бүгүнкү күндөгү профессионалдык ыр жанрынын классикасына айланган “Кыздын ыры” аттуу романсы экен. Калый акенин жаркын элесин элестете, эстей отуруп аталган романстын жазылыш, аткарылыш сырын айтып берсеңиз?

Кайыргүл Сартбаева: -Бул “Кыздын ыры” аттуу ыр мен жүрөгүм менен сүйүп, ырдап жүргөн романс. Бул ырдын жаралышы, аткарылышы жакшы учурда болду эле. Жай айы эле. Театрдын эшигинин алдынан акын Кубанычбек Маликов агай жолугуп: - Ой, айнанайын Кайыргүл кызым жакшысыңбы? Калый акең мени келип кетсин дептир, кайда отурат, деп сураганда, - жүрүңүз, деп Калый агайдын кабинетине алып бардым. Калый агай саламдашып: - О, мына өзүңөр келген турбайсыңарбы – деп күлүп тосуп алды. Көрсө “Кыздын ыры” аттуу ырдын сөзү Кубанычбек агайдыкы экен.

Үчөөбүз фортепианочу Светлана Шадыканованы чакырдык. Алгач Калый агай ырдын обонун ойноп берди. Калый, Кубанычбек агайлар сөзү менен обону бири-бирине куюлушканына ушунчалык назарланышты. Кубанычбек агай аткаруу жагы жакшы болсо опералык ырчылар кыргыз композиторлорунун, элдик ырларды ырдашса эле кайрыктары орусчалашып кетет. “Эми силер Москвадан окугансыңар да” деп күлүп калды. Анан мен мүмкүн болушунча кыргызча ырдоого аракет кылайын десем, Кубанычбек агай: - Сен кызым кыргызча окуйсуңбу? деди. Ооба, агай, десем “анда окуп берчи” деди. Окуп бердим. Ошондо: - Тилиң так жакшы экенсиң. Эми көрөлү – деди. Ошондо ырдап бердим. Ошентип бул ыр театрда жаралган.

Бул ырдын тагдыры мен үчүн аябай эле жетиштүү болду деп ойлойм. Калый агай көзү тирүү кезинде бардык ар кандай концерттерде, гастролдордо ырдап жүрдүм. Ал турсун Жапония, Америка, Швецария, Араб өлкөлөрүндө “Кыздын ырын” аткарчумун. Эл ушунчалык жакшы кабыл алуучу. Мен да ырды ырдап жатканда өзүмдү ушунчалык эргип, башкача сезип, башкача акыбалга келип калаар элем.

“Кыздын ырынын” сөзүндө адамдын жашоосундагы нукура жүрөктөн чыккан назиктикти сезер элем. Анан Калый агайдын ар убакта айткан бир сөзү бар. Кайлый аке ооруканада жаткан экен, барсам, “Каке, “Кыздын ырынын” бир сабын айтып койчу, - деди. -Какен бул ырды сенден башка мыкты ырдаган сопрано көргөн да, уккан да жокмун. Ырахмат, азыркы кезге чейин ырдап жүрөсүң. Бул сенин ырың, сага арнап жазбадым беле, эсиңдеби, баягы кабинетте отуруп, Кубанычбек Маликов кандай ыраазы болду эле. Эми аман бол, өзүңдү сакта” деген.

Балбай Алагушов: - Ырахмат Кайыргүл айым.

“Кыздын ыры”

Сөзү К.Маликовдку. Обону К.Молдобасановдуку

Жалдырап неге карайсың
Көзүңдөн жашың акчудай
Өрмөлүп менин жолума,
Өзүңдү курман чапчудай.

Жолумду неге тососуң
Тоскун деп өзүм айткансып.
Жеке айтар сырым бар окшоп
Жалт карап сага баскансып.

Жаныма келип камынып
Жакаңды улам оңдойсуң
Кырмызы жагоо тагынып
Кыйгачтап такыр болбойсуң.

Жоруктуу жигит чын эле,
Жок десең керек кызда көз.
Менсинген сендей бозой го,
Менде да бардыр айтар сөз.

Керилбе, жигит керилбе
Боюңду жасап көрүнбө
Азамат болсоң акылдуу
Айтканың калар көңүлдө.
XS
SM
MD
LG