Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

11:05 Ө.Текебаев: Кыргыз чындыкты тайманбай айткан чыгаан уулунан ажырады


Дооронбек Садырбаевди акыркы сапарга узатуу расмисин биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев ачып, анын өмүр-жолуна, мамлекеттик жана чыгарачыл ишмердигине токтолду. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо маркум Дооронбек Садырбаев өлкө жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясаты, коомдук-саясий окуялар боюнча дайыма чындыкты тайманбай так айтып келгенин белгиледи. Белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиев болсо маркум кыргыз үчүн опол-тоодой иш жасаганын, анын бир жолу көрсөтүлгөн бойдон архивде жаткан “Кайран эл” тасмасын кийинки муунга улам-улам көрсөтүп туруу зарылдыгын айтты. Эскерүү расмисине баш-аягы миң чакты адам катышууда.(SM)

 

XS
SM
MD
LG