Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы Эркин Баяманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында учурда Кытайдын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына эң керек жана жетишсиз болгон таза суу вагонго жүктөлүп, темир жол аркылуу жеткирилүүгө даярдалып жатат. Өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы суммасы 5 млн. сомду түзгөн, салмагы 120 миң тонна болгон курулуш материалдарды жөнөткөн. Расмий маалыматтар боюнча 12-майда болгон Кытайдагы капсалаңда 67 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Дагы 20 миңдей адам дайынсыз жоголууда. (ESu)
14:04 Кыргызстан Кытайдын зилзаладан жабыркаган аймактарына гуманитардык жардам көрсөтүүдө