Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

14:17 Беловодск айылындагы кытайлык темир иштетүүчү ишкана чукул арада жабылат


Бул туурасында бүгүн губернатордун биринчи орунбасары Турусбек Султаналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, райондук бийлик атайын комиссия түзүп, иштегенине бир жылдай болуп калган кытайлыктардын темир иштетүүчү ишканасын жабууну колго алды. Бирок буга чейин Москва районунун акими Даукен Ариновго кайрылганыбызда «ишкананы жабууга чындап күчүм жетпей жатат», деген эле. Ал эми жергиликтүү тургундар бир нече ирээт кайрылуу жолдошуп, анда ишканадан чыккан түтүн, күйгөн зыяндуу калдыктар экологияга терс таасирин берүүдө деп белгилеп келишкен. Атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү белгилегенге караганда Кытайдын өзүндө, мындай талапка такыр жооп бербеген ишкананын ишмердүүлүгүнө уруксат берилбейт. (JJ)

XS
SM
MD
LG