Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

18:12 Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын акыбалын комиссия иликтеп жатат


Бул туурасында Алмалык кыштагынын айыл башы Кудайберди Маматов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айыл ара жолдо, тактап айтканда, Араван, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын ортосунда калган. Кагаз жүзүндө Кыргызстандын түштүк борборуна баш ийген менен, территориялык жактан эки районго көз каранды, аларга салык жана башка жыйымдарды төлөп келатат. Мындан сырткары учурунда Кыргызстан эле эмес, союздук республикаларды көмүр менен камсыз кылган «Алмалык» ишканасы да талашка түшкөндүктөн, иштетилбей турат. Ош шаар кеңешинин аппарат жетекчиси Замирбек Сасыкбаев алмалыктыктардын көйгөйү менен тааныштыгын, ушу тапта чегараларды аныктоо жана кыштактын акыбалын жакшыртуу максатында комиссия ишке киришкендигин маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG