Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 31-майда жана 1-2-июнь күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

31-майда Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус.
Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +28...+33 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +30...+32 градус болот.

XS
SM
MD
LG