Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

16:10 ТҮРКСОЙ уюмунун кийинки жыйыны Бишкекте өтөт


Мындай чечим 27-28 май күндөрү Анкарада өткөн бул уюмдун 15 жылдыгына арналган мааракелик жыйынында кыргыз маданият министри Султан Раевдин демилегси менен кабыл алынды. Султан Раевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, уюмдун Бишкектеги жыйыны 26-27-октябрга белгиленүүдө. Бул жыйын биринчи кезекте белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине байланыштуу болмокчу. ТҮРКСОЙ жалпы түрк дүйнөсүнүн маданият министрлеринин башын бириктерген чоң эл аралык уюм. Ага 14 мамлекет мүчө.(SM)

XS
SM
MD
LG