Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

111 өлкө кластердик же чачырама курал-жаракка каршы


Бүгүн 111 өлкөнүн өкүлдөрү кластердик же чачырама курал-жаракты колдонбоо жөнүндөгү документти расмий кабыл алышты. Келишимге бир нече күн мурун Дублиндеги жыйында жетишилген. Макулдашууда кластердик куралды чыгаруу, колдонуу, сатуу жана сактоо мыйзамсыз деп айтылат. Жыйындын катышуучулары ошондой эле андай куралдан жабыркагандарга жардам берүүгө жана чачырама бомбалар кала берген аймактарды тазалоого убада кылышты. Келишим ратификациядан өткөндөн кийин декабарда кол коюлат деп күтүлүүдө. Арийне кластердик курал-жаракты эң көп жасаган Россия, АКШ, Кытай, Пакистан, Индия жана Израил келишимге кошулган жок.

XS
SM
MD
LG