Ооганстанда жашаган кыргыздардын өкүлдөрү «Wildlife Conservation Society» деп аталган америкалык уюмдун көмөгү менен Кыргызстанга биринчи жолу келишти. Ооган кыргыздарынын 6 өкүлүн алардын турмушун иликтеп жүргөн америкалык антрополог Тэд Калахан коштоп жүрөт. Бүгүн алар Бишкекте маалымат жыйынынын өткөрүштү. Бул топтун башчысы, ооган парламентинин депутаты Турдакун Памиринин айтымында, учурда Ооганстандын Чоң Памиринде беш миңдей кыргыз жашайт. Бирок алар өтө оор шартта жашашат, бул аймакта бир да оорукана, дарыгер да жок. Ушундан улам ооган кыргыздары кыргыз өкмөтүнөн жок дегенде 2-3 баласын мугалимдик менен дарыгерликке окутуп берүүсүн же бул жактан атайын адистерди жөнөтүүсүн суранаарын билдиришти. Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, ооган кыргыздарынын өкүлдөрү Кыргызстанда бир канча күн болушат. Эртең алар Ысыккөлгө жөнөп кетишмекчи.(SM)