Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

20:25 Өкмөт салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун жактырды


Бүгүн кечке жуук өкмөттүн жыйыны өтүп, анда салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору каралды. Жыйында жаңы редакция бир топ өзгөртүлүп, ал жалпы жана негизги бөлүктөн тураары, анда негизинен салык жүгүн жеңилдетүү каралып, салык жыйноодогу ачыктыкты камсыз кылууга багытталганы айтылды. Салык боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, жаңы долбоордогу негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – салыктык текшерүүлөрдүн санынын азайышы. Бүгүнкү жыйында өкмөт мүчөлөрү бул долбоорго бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти. Натыйжада мындай сунуштар эске алынуу менен жаңы долбоор кабыл алынды. Эми ал ЖК кароосуна жиберилет.(SM)

XS
SM
MD
LG