Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жакынкы келечекте Болония процессинин прициптерине ылайык адис даярдоого өтүүнү жана бир катар мамлекеттик окуу жайларды акционерлештирүүнү максат кылууда. Бүгүн жогорку окуу жайлардын ректорлору менен премьер-министр Игорь Чудинов катышкан жыйында ушул эки маселеге орчундуу көңүл бурулду. Болония процессине кошулуу Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдорунун чет өлкөдө таанылышына жана билим сапатын жогорулатууга өбөлгө болот. Ал эми акционерлештирүү аркылуу мамлекеттик казынанын жүгү жеңилдеп, окуу жайлар рыноктук өнүгүү жолуна түшмөкчү. Бирок бул процессти масштабдуу жүргүзгөнгө мамлекетте укуктук жол даяр эмес. «Акционерлештирүү жөнүндө" мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө” мыйзам бири-бирине дал келбейт экен. Азыркы укуктук ченемдик база акционерлештирүүнү толук масштабдуу ишке ашырганга жол бербейт. Ошон үчүн бир же эки мамлекеттик окуу жайдын базасында сынак иретинде байкап көрүп, ченемдик базаны тууралап алгандан кийин гана алдыга жылганга болот”, -деп билдирди “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү башкармасынын начальниги Канат Садыков.
Премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, Кыргызстан бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларын акционерлештирүүнү максат кылган жок, ал эми мамлекеттик жождорду менчиктештирүү жөнүндө сөз да жок. Өкмөт башчы коомчулукта бул маселе боюнча тынчсыздануулар күчөп жаткандыгын белгилеп, мамлекет акционерлештирүүнү абдан кылдат ойлонуп ишке ашыра тургандыгын баса белгиледи. (KCh)