Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:26

“Дискавери” космос чөлмөгү жапондук лабораторияны космос бекетине жеткирмекчи


АКШнын “Дискавери” космос чөлмөгү Бишкек убактысы менен жекшемби таңкы саат 03тө космос мейкиндигине аттанмакчы. Эки апталык сапары маалында чөлмөк Эл аралык космос бекетине келип, узундугу 11 метр болгон жапондук лабораторияны бекетке орнотот. Андан тышкары, бекетке даараткананы оңдогон жабдуу алынып келинмекчи. Ушул тапта бекеттеги үч астронавт бекетке жалгашкан орусиялык “Союз” космос кемесинин ажатканасын пайдаланууда. Айтмакчы, биздин жердешибиз, космонавт, Кыргыз Эл Баатыры Салижан Шарипов үстүбүздөгү жылдын октябрында космостук бекетке кайрадан уча турганын жакында “Азаттыкка” маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG