Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Француз тышкы иштер министри Иракка күтүүсүз иш сапар менен келди


Бернар Кушнер Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарында өлкөнүн вице-президенти Адел Абдул Махди менен сүйлөшүү жүргүздү. Алдын ала жарыяланбаган бул эки күндүк сапары маалында Кушнер түндүктөгү Арбил шаарына келип, француз консулдугун ачуу аземине катышмакчы. Француз тышкы иштер министри 2007-жылы августта Багдадга келип кеткен. Мурдагы президент Жак Ширак 2003-жылкы АКШ жетектеген күчтөрдүн Иракка басып киришин кескин сынга алган жана андан соң Кушнерге чейин эч бир француз өкмөт мүчөсү Багдадга келе элек болчу. Франция июль айында Европа Биримдигинин президенттигин ротациялык тартипте өзүнө өткөрүп алмакчы. Расмий Париж өз өлкөсүндө Ирактагы жаатташкан тараптардын элдешүү жыйынын өткөрүү сунушун билдирди.

XS
SM
MD
LG