Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

17:12 Баткен-Ош каттамындагы микроавтобус күйүүчү май ташыган “КАМАЗ” менен кагышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук автоинспекциясынын башчысы Кудайберди Мусалиев билдирди. Маалымдамада бүгүн 31-май күнү саат сегиздер чамасында Баткен-Ош каттамындагы кичи автобус Өзбекстандын Сох районуна караштуу Шархобад айылында күйүүчү май ташуучу “КАМАЗ” автомашинасы менен кагышып кеткен. Натыйжада автобустагы тогуз жүргүнчүдөн төртөө орто жана оор жаракат алып Баткендеги ооруканага жеткирилген. Учурда микроавтобус менен “КАМАЗ” автомашинасынын айдоочулары Сох жана Баткен райондук МАИ кызматкерлери тарабынан териштирүүгө алынууда. (SA)

XS
SM
MD
LG