Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

17:34 Ошто расмий маалымат боюнча 130 жарым жартылай, 2219 томолок жетим бала бар


Балдарды коргоо күнүнө арналган салтанат учурунда Ош шаар мэри Жумадыл Исаков “Балдар боюнча мамлекеттик саясат дайыма көңүл борборунда болот” деп билдирди. Анын эсебинде Ошто 130 жарым жартылай, 2219 томолок жетим бала бар, билинбегени канча экендигин айтуу кыйын. Ошентсе дагы шаар жетекчилиги каржылык кыйынчылыктарга карабастан балдар үйлөрүн, интернаттарын туруктуу кармап, турмуштан өксүгөн бөбөктөргө жана өспүрүмдөргө такай камкордук көрүп келүүдө. Оштук серепчи Алмаз Исманов бийлик өкүлдөрү балдарды 1-июнь жана 1-сентябрь күндөрү гана эстешерин, айрыкча ата-энесиз жана дейди өскөн жаш муундардын жашоо шартын иликтеп, алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, мектептен кийинки тагдырына көңүл буруу эч кимдин оюнда жок деп кабатырлангандыгын ачыктады. (АТо)

XS
SM
MD
LG