Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө азайып, кризистик деңгээлге чейин түшүп кеткенине байланыштуу суу топтоо максатында өлкөдө электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп келген. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министрлигинин маалымат катчысы Зухра Моминованын “Азаттыкка” маалымдашынча, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 миллиард кубометрге жетти. (ZMa)