Өкмөттүн 28-майда кабыл алган токтомуна ылайык электр жарыгына жана жылуулук кубатына баалар 2008-жылдын 1-июнь айынан тартып 2012-жылга чейин жогорулайт. Өнөр жай жана айыл чарба керектөөчүлөрү үчүн тарифтер 20 пайызга жогорулап, 1 кВт саат үчүн 96 тыйынды түзөт. Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтер 25 пайызга жогорулап, 1 киловатт саат үчүн 110,9 тыйын болсо, калк үчүн баалар 13 пайызга жогорулап, 1 киловатт саат үчүн 70 тыйын болот. Мындан сырткары жылуулук кубаты үчүн тариф 30 пайызга, ал эми ысык суунун тарифи 128 пайызга жогорулады. Өкмөт баалардын жогорулашын жылуулук жана электр кубатын өндүрүүдөгү жоготууларды азайтуу аракети менен түшүндүрүүдө. (ZMa)