Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

15:25 “Манас”аскерий аба базанын аскери камакка алынды


Америкалык аскерий аба базанын аскери, АКШнын жараны Фаусават Макс Чаун Ламай тергөө изоляторунда кармалып жаткандыгын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Турат Макенбаев “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, элчиликтин өкүлү сот жараянына катышып келген жана бул маселе элчиликтин көзөмөлү астында болот. Маалыматтарга караганда, Фаусават Макс Чаун Ламай ижарага алып жашаган үйдө 20-апрелде өрт чыккан. Өрт кызматы өрт ачык оттон чыккан деген бүтүм чыгарган. Ал эми Чаун Ламай эксперттик лабораториянын бүтүмүнө макул болбой, келтирилген чыгымды төлөөдөн баш таткандан улам, уйдүн кожоюндары тиешелүү органдарга кайрылышкан.Ленин райондук соту АКШнын жаранын тергөө иштери аяктамайынча камакка алуу чечимин чыгарган. Көз карандысыз экпертиза борборунун маалыматына ылайык,өрт 1 миллион 832 миң сом өлчөмүндө зыян алып келген. (MSu)

XS
SM
MD
LG