Бишкек убактысы боюнча бүгүн таңга маал орбитага чыгарылган бул америкалык чөлмөктө жети астронавт бар. Чөлмөк эл аралык космос бекетине жапондук ири лабораторияны жана башка маанилүү жабдууларды алып келмекчи. Чөлмөк космос бекетине дүйшөмбү күнү жалгашаары белгиленген.