Македон борбору Скопьеден бүгүн алынган маалыматка караганда, шаардын албан улутундагы тургундары жашаган аймагында бүгүнкү добуш берүү маалында кагылышуу болуп, бир киши өлүп, бир нече киши жаракат алган. Скопьенин чыгыш өңүрүндөгү Арачиново аймагында жана өлкөнүн башка 16 шайлоо түйүнүндө мыйзамга жатпаган ар кыл аракеттерден улам добуш берүү жараяны токтотулуп, кийинкиге калтырылды. Өлкөнүн коалициялык өкмөтү Сербиядан бөлүнгөн Косовонун эгемендигин таануу маселесинде жана НАТОго мүчөлүккө өтүүнү тездетүү жаатында бир чечимге келе албай ыдыраган соң, парламенттик эрте шайлоо өткөрүүгө аргасыз болгон.