Эларалык “Интербилим” борбору “Лидерлик мектеби - 2007” программасынын алкагында 7 адамды Польшада окутуп келди. Варшавадагы Чыгыш Европалык демократиялык борбордо билим деңгээлдерин жогорулатып келген программанын катышуучулары 4-июнда коомчулук менен көргөн-билгендери менен бөлүшмөкчү. “Интербилим” борбору уюштурган жолугушууда программанын катышуучулары Польшадагы шайлоо өнөктүктөрү кандай боло турганын, алардын бюджети кандай бөлүнөрүн, парламенти кандай иш алып барарын айтып беришмекчи. Бул тууралуу аты аталган борбордун маалымат кызматы билдирет. (IJz)
11:35 “Интербилим” борбору “Лидерлик мектеби - 2007” программасы боюнча бүтүрүүчүлөрүн чыгарды