Каржы полициясынын маалымат кызматы билдиргендей, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине карата мамлекеттик сатып алуу эрежелерин бузду деген айып менен кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык бул мекеменин жетекчилигинин иш-аракеттеринен улам мамлекетке 66 миң доллардан ашуун зыян келтирилген. Иш Кылмыш кодексинин 306-беренесине ылайык (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жасоо) козголгон. (IJz)