Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

17:22 Сот “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин бир миллион сомдон айыпка жыкты


Бул гезиттерди президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сотко берген. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, бүгүн чечимин чыгарды. Ага ылайык “Де-факто” гезити моралдык зыян келтиргени үчүн Асылбек Салиевге 1 миллион сом, “Алиби” гезити 1 миллион сом, ал эми “Алиби” гезитине макала жазган журналист 3 миң сом доогердин пайдасына төлөп берүүгө милдеттендирилди. Айыпталган тарап соттун чечимине нааразы болуп, жогорку сот инстанцияларына апелляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди. “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова соттун чечимин оппозициялык гезитти жабуу аракети катары баалады. 2007-жылы киши өлүмүнө алып келген жол кырсыгына Асылбек Салиевдин тиешеси бар деген макала эки гезитте быйыл жыл башында жарыяланган. Аны төгүнгө чыгарган Салиев сотко кайрылган жана моралдык зыян тартканы үчүн гезиттерден өз пайдасына 1.5 миллион сомдон өндүрүп берүүнү талап кылган эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG