31-майда Нарын районуна караштуу Миңбулак айылын жарым сааттык жаандан соң сел каптаган. Нарын районунун акими Ишенбек Медетовдон алынган маалымат боюнча нөшөрлөгөн жаандын суусу кокту аркылуу келип каналга кошулуп, каналдын дамбалары бузулуп айылды каптаган. Натыйжада адамдар жабыркаган жок. Суу каптаган 54 үйдүн тогузу учурда таптакыр жараксыз, бирок бул көрсөткүч тамдар кургаганда да жогорулашы мүмкүн. Андан сырткары элдин 35 гектар буудайы, 4 гектар картошкасы жарабай калды. Бүгүндөн баштап облустагы техникалардын күчү менен каналды калыбына келтирүү иштери башталды. (JI)