Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Македониядагы шайлоодо премьер- министр баштаган коалиция жеңишке жетишти


Македониянын премьер-министри Никола Груевски кечээги парламенттик шайлоонун натыйжасында ал баштаган оңчул –борборчул коалиция жеңишке жетишкенин жарыялады. Премьер- министрдин айтымында, алардын партиясы 120 орундуу парламентте көпчүлүктү түзгүдөй колдоого ээ болду. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, өкмөт башчынын коалициясы добуштардын 48%ын ал эми атаандашы - социал –демократтар 23%ын алды. Македониядагы кечээги шайлоо кыянатчылыктар менен коштолду. Албан улутундагыдар жашаган аймактагы баш-аламандыктардан бир адам өлүп, сегиз киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG