Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

МАГАТЭнин эксперттери Сирияга барат


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин эксперттери Сирияга, АКШнын чалгын кызматтарынын Дамаск өзөктүк реакторду жашыруун курууга аракеттенген деген маалыматтарын иликтөө үчүн 22-23-июнда барат. Бул тууралуу МАГАТЭнин баш директору Мохаммед эл –Барадейи уюмдун Директорлор кеңешинин бүгүн Венада ачылган жыйынында жарыялады. Сириянын ал ыктымал реактору курулуп жаткан жай былтыр сентябрда Израилдин аба соккусунан улам талкаланган. МАГАТЭнин директорлор кеңешинин беш күнгө созулуучу жыйынында Ирандын талаштуу өзөктүк программасына да көңүл бурулат.

XS
SM
MD
LG