Злин кинофестивалы балдар жана өспүрүмдөр тасмаларынын кинофестивалдарын көп жылдардан бери өткөрүп келатат. Эгер Злин кинофестивалынан чакыруу келгенде, ага катышууга ылайыктуу балдар жана өспүрүмдөр проблемаларын көтөргөн тасмалар бар эле, деди “Кыргызфильм” киностудиясынын директору, кыргыз Эл артисти Бакыт Карагулов:
-Бизге эми Чехиядан чакыруу келбеди. Келгенде, Темир Бирназаровдун “Парз” деген - үйлөнө элек жаш жигиттердин тагдыры, улуттун салт-санааларын сыйлаган жаш адамдардын үмүт-тилектери туурасындагы тасмаларын жөнөтмөкпүз. Ошондой эле балдардын, өспүрүмдөрдүн проблемаларына кайрылган “Ата”, “Жээк”, “Эсен болуп, эстей жүр” деген сыяктуу фильмдерибиз бар эле. Бизге чакыруу келгенде, алдын ала ошол тасмаларды жөнөтөт элек. Себеби кыргыз киносу дүйнөлүк аренада өз үнү бар, өз жүзү бар кино катары эсептелет. Андыктан бул фестивалга деле балдар менен өспүрүмдөрдүн чоң проблемаларын козгогон тасмаларыбыз менен катышып койсок болмок эле...
Злиндеги быйылкы кинофестивалга дүйнөнүн 31 мамлекети катышып, соңку бир жарым жылда тасмага алынган 276 тасма көрсөтүлмөкчү.
Киноинституттардын студенттерине мына ушул Злин кинофестивалынын алкагында киночул студенттердин эл аралык фестивалын да өткөрүү мүмкүнчүлүгү ачылды. “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Бакыт Карагуловдун айтымында, ата-бала ортосундагы ыйык мамиле туурасындагы “Ата” тасмасы, Чернобыл АЭСинин кырсыгынын адам тагдырына тийгизген залдары туурасында тасмага алынган “Эсен болуп, эстей жүр” фильмдери - кыргыз студенттери жараткан эмгектер:
-Мисалы “Ата” фильминде - кырсыктан түрмөгө түшүп калган атасы, уулун тарбиялаш үчүн өзүнүн эки көзүн оюп, түрмөдөн чыгат. Чыккан соң, баласын зергерчиликке тарбиялайт. Бул жерде атанын балага болгон кандай чоң сүйүүсү, артта калган балага болгон кыргыз элиндеги жоопкерчилик жатат... А бирок бүгүнкү күндө заманга шылтоолоп канчалаган ата-эне балдарын таштап кетип жатат... “Эсен болуп, эстей жүр” фильминде болсо, Чернобыл кырсыгынан акыры каза тапкан ата-энеси калтырып кеткен дискти кадыр тутуп, эки бала ошол жазуудагы ата-эненин кеңеши менен өздөрүн тарбиялап келишет. Анан калса ата-бала проблемалары атам-замандан оор болуп келаткан Европага биздин мындай тасмалар пайдалуу эле болбосо, артыкбаш болбойт эле...