Эки күндүк иш чарага Евразия экономикалык шериктештик уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрү, Белорусия, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилери жана адистер катышат. Отурумда куш тумоосуна, ВИЧ-СПИД илдетине, кургак учук, безгек ооруларына каршы биргелешип күрөшүүнүн жолдору, уюмга кирген мамлекеттерге медициналык жардам көрсөтүү, кадрларды даярдоо, мамлекеттик дипломдорду таануу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланат.(MSu)