Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 17:19

Бүгүн Римде БУУнун азык-түлүк боюнча саммити башталат


Үч күндүк жыйынга дүйнө лидерлери катышып, азык-түлүк баасынын кымбатташын жөнгө салуу аракеттерин талкуулашат. 2005-2007 жылдар аралыгында негизги азык-түлүктүн баасы эки эсеге жогорулаган. Бул жакыр элдер үчүн өтө кооптуу маселеге айланууда. Саммитти Бириккен Улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл-чарба агенттиги (FAO) өткөрүп, ага БУУнун башчылары жана 40 өлкөнүн өкмөт башчылары катышмакчы.

XS
SM
MD
LG