Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

БАКИЕВДЕР ҮЧҮН 1 СОМДОН ЧОГУЛТУУ АКЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ


“Бишкектин 1-Май райондук соту “Де-факто” гезитин Жаныш Бакиевдин уулуна 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди, Бакиевдердин кланына өлкөдөгү башка финансылык, материалдык булактардан алган киреше аздык кылып атканына көзүбүз жеткен соң, “Бакиевдерге жардам” акциясын баштадык. Акчага муктаж болуп аткан Бакиевдерге ушул аркылуу 1 сомдон болсо да жардам берип коелу” дедик деп жарыкка чыккан “Де-Факто” гезити мына ушул сот чечимине айрым атуулдардын ойлорун сурамжылаган. Белгилүү саясатчы Ө. Текебаев, Жаныш Бакиевдин уулу коомдук ишмер же саясатчы эместигин, ал болгону катардагы студент экендигин, сот катардагы студенттин моралдык компенсациясын миллион сом деп тапса, анда алакан жайгандан башка айла жоктугун, гезитти колдогон миң адам чогулуп, ар бири 1000 сомдон жыйнаса миллион сом болуп Бакиевдин туугандарынын аппетитин басканга көмөк болорун айтат.

Депутат Р. Отунбаева бийлик бүгүн кандай кара жумуш болбосун аялдарды алдыга салчу болгонун, бул жерде да Бакиевдин туугандарынын төгүлгөн “ар-намысын” аял коргоп берип атканын, Бакиевдин туугандары деген маселе калкып чыга калганда эле соттор башын ташка уруп, өлүп-тирилип, оң жакка чечип, кошоматтын туу чокусуна чыкканды үйрөнүшкөнүн билдирген.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Кыргызстандын тарыхында эл көйгөйүн чагылдырган гезиттерге дайыма эле куугунтук болуп келгенин, бирок Бакиевге окшоп 1 миллионду олчойтуп салганы болбогонун, булар акча дегенде баарына даяр экендигин, Бакиевдер акча менен байлыкка тойбой жаман кыйналышканын, жолдошу экөө кайырчыларга 7 сомдон берип келсе, бул ирет да 7 сомдон жардам бергенин, бардык дубандагы элге түшүндүрүп, Бакиевдерге акча чогултуп берели, акыры алар ушул элдик гезиттин окурмандарынан түшкөн акчага тоюшар деп пикир бөлүшкөн.

Коомдук ишмер О. Дүйшеев, “1 миллион не деген шумдук! Гезиттин редактору чыканактай кыз. Эми Бакиевдерге чыканактай кыз менен соттошкон абийир деле алып келбес. Гезит менен соттошконду коюп элдин келечегине кам көрсө эмне? Бакиев туугандарынын өзүмчүлдүгүнүн азабын тартып, эл алдында аз калган кадырын жоготуп баратат” деген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалиция жетекчиси Д. Ошурахунова “Мындай кадам менен Бакиевдин туугандары жаман акылында “кыйраттык” деп атса керек, алар алешем акылы менен кыйратпай эле өздөрү кыйрап баратат” деп айткан.

Укук коргоочу Т. Исмаилова, тышкы саясат болобу, ички саясат болобу, бардыгын Бакиевдердин үйбүлөсү чечип калганын, өзү Бакиевдердин алтоосу үчүн 6 сом салганын, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Ч. Жакупова, “Бакиевдерди биз өтө жакыр, көп балалуу, жетишпеген үйбүлө деп билебиз” деп, композитор Т. Саламатов булар ушуну кылмактыгын, Акаевдин кешигин ичкен бийликтен башка эчнерсе күтүүгө болбостугун, Кыргыз Эл акыны А. Өмүрканов кыргыздын алтынын жеп тойбогон бийлик “Де-фактонун” 1 сомуна деле тойбостугун, булардын түбүнө... Бакиевдердин түбүнө ачкөздүк жетерин, белгилүү журналист Ж . Жанызак “Бакиевдердин үйбүлөсү гезитти принцип үчүн 1 млн сомго жыгып атабы же байып кетиш үчүнбү? Силер демек, Эзоптун тилине салып: “Асылбек Салиев баланы сүзүп өлтүрүп ырас кылыптыр” деп жазышыңар керек эле. Силерди ошондо сотко бербейт болчу” деген ой-сунуштарын айтып чыгышкан.

Ошентип “Де-факто” гезити бүтүндөй өлкө боюнча “Бакиевдер үчүн 1 сомдон” деген гезит акциясын баштаганын жар салды. Баса ушул эле 1-Май райсоту “Алиби” гезитине да 1 миллион сом айып салды.

“Кыргыз руху” гезити “Акыркы убактарда оппозиция тараптан да, бийлик тараптан да жолунан чыккан тикенектерди, таңдайына тыгылчу кылкандарды тазалап олтуруп президент аягында өзү менен өзү калды” деп белгилеп... А. Мадумаровдун да соодасы бүткөнүн, Кулов, Атамбаев, Субаналиев сыяктуу саясый банкрот болгонун, “президент болоюн деген оюм жок болчу” деп актанып кеткен Мадумаров бир кезде “эмне үчүн президенттикке умтулбайбыз, эмне үчүн бийлик талашпайбыз, президенттик кимдир бирөөнүн атасынан калган мурас эмес” деп чакчырылганын, бүгүн анын бири жоктугун, эми тикенден арылган президентке өз уулдары менен балдарынан башка эч ким жолтоо болбостугун, бирок күрөш токтобостугун, анан дагы бирден федерация жетектеген бир туугандар спорттук таймашка чыкса, маселен шпага көтөрүп Марат Салиевич Бакиев (фехтования федерациясынын президенти), бири кулактан чоюп-Максим Бакиев (күрөш федерациясынын президенти), бири белден алып-Марат Курманбекович Бакиев (дзюдо федерациясынын президенти), бири буттан чалып- Адыл Бакиев (“каратэ-до” федерациясынын президенти), демек күрөш эми Бакиевдердин ортосунда жүрөрүн, үйбүлөлүк мушташ болгон жерде үйбүлөлүк башкаруу болбостугун, шору арылбаган кыргыздын шору ошондо кайнарын, мамлекет эларалык кожоюндардын колуна өтөрүн, ошондо Курманбек Бакиев “кукловоддор” деген байыркы сөз айкалышын аргасыз эскерип, сынык тепши кучактап каларын кейиш менен кеп кылды.

х х х

“Агым” гезити өкмөттүн басмасөз кызматынын билдиргени боюнча дыйкандардын жазгы талаа жумуштары үчүн деп ар бир литри 20,5 сомдон бааланган соляркасын бөлүштүрүүнү 30-майда гана аяктагандыгын, кайран атка мингичтер ушинтип иштеп атса анан кантип азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө сөз болушу мүмкүндүгүн... Бүгүн мамлекетти сатуу, коомду жок кылуу программасы ачык да, тымызын да аткарылып атса дагы “кың” деген кыргыз, “ээ” деген эл жоктугун, бизде интеллигенция деген эркин эместигин, ошондуктан бийлик ага жакышылык менен жамандыкты айрый албаган мал катары мамиле кылып келатканыдыгын белгилейт.

Ушул эле гезит Бишкек мэри Д. Үсөнов тууралуу сурамжылоо кылганда, депутат Т. Орозалиев элге жакпай турган жолкирени көбөйткөнүн, КР билим берүү академисынын кызматкери С. Жаанбаев чоң көлөмдүү автобустар келет деп коюп анысынын дайыны жоктугун, базарларды тартипке сала коем деп мунусу орто жолдо калганын, мугалим менен врачтарга ипотека жолу менен үйлөрдү курабыз деп анысы да белгисиздин айтса, депутат Р. Тагаев сыртынан жакшы эле аракет кылгандай көрүнгөнү менен ага кыргызчылык оорулары, тууганчылык, досчулук, жердешчилик тоскоол кылып аткандыгын, профессор К. Осмонбетов жолкиренин кымбатташы айрыкча пенсионерлер үчүн оор болгонун, 200 сомду жолкиреңе жеткир дегени андан көрө үйдө жатып эле өлсөңөрчү деген кеп экенин, “ач бала ток бала менен онобойт” дегендей Д. Үсөнов ток бала экендигин айтып жооп беришкен.


“Кыргыз туусу”
гезити Ч. Айтматов менен Т. Усубалиевдин ысымдарын Бишкектин 1-Май жана Свердлов райондоруна берүү тууралуу гезит баяндамачысы П. Дүйшөнбаевдин көтөргөн маселесин жактаган каттарга орун берген. Каттын авторлору бишкектик Мелис Совет уулу менен аксылык Жоро Алымкуловдун экөөнүн тең ойлору бир жерден чыгып, экөө тең аттары аталган улуу инсандардын ысмын Бишкектин ушул эки районуна ыйгаруу керектигин, а түгүл маселе бир аз кечигип козголуп жатканын билдиришкен.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG