Мыйзам парламент тарабынан 24-апрелде кабыл алынган жана анда телекөрсөтүү, радиоуктуруу тармагындагы укуктук, экономикалык, уюштуруу иштеринин тартиби аныкталган. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин ага кол койбоо чакырыктары өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар тарабынан президентке жолдонгон. Мындай талаптарды иликтеп өкмөткө тийиштүү сунуш менен чыгууну президент адилет, маданият жана маалымат министрлигине тапшырган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)