Президенттин жардыгы менен бул кызматка дайындалган Жаныш Бакиевди Мамлекетик күзөт боюнча кызматтын курамы менен президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов тааныштырып, аны бул кызматка дайындоодо жеке инсандык, кесиптик сапаттары эске алынганын билдирген. Мамытов ошондой эле кээ бир өлкөлөрдө мамлекет башчынын жана өкмөттүн коопсуздугун камсыздоо жакын туугандарга тапшыруу кадимки көрүнүш экенин белгилеген. Мамлекеттик күзөт кызматын буга чейин Бакыт Калыев жетектеп келген. Ал жакында эле коргоо министри болуп дайындалып кетти.(AiT)