Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

16:18 Cалык кыскарышы мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мамлекеттик салык жана төлөмдөр боюнча комитет башчысынын орунбасары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында жаңы иштелип чыккан салык кодекси, ишкерлердин кызыкчылыгын жана мамлекеттик экономиканын өсүшүн көздөйт. Маселен салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча соңку токтомго ылайык айрым салыктар жоюулуп, жерге, казино, бильярд, сауна жана башка эс алуучу жайларга салыктар жогорулаган. Ошондой эле бул долбоордо салыктардын санын он алтыдан тогузга кыскартуу каралаган. “Учурда сегиз жалпы мамлекеттик жана сегиз жергиликтүү салыктын түрү бар. Жаңы кодекс боюнча жети мамлекеттик жана эки жергиликтуу салыктын түрү сунушталган”, - деп билдирген А. Касымалиев салык кодексинин жаңы редакциясы атайы комиссия тарабынан иштелип чыккандыгын белгилеп, бул долбоор эки күндүн ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталарын кошумчалады. (ESu)

XS
SM
MD
LG