Окуя 2-июнда кечки саат сегиздерде болгон. Өзбекстандын Үчкоргон чегара бекетинин эки жоокери облустун Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн аймагына мыйзамсыз кирип келишкен. Айылдын 1966-жылы туулган Абдрахманов Файзулла атуу адамды кармап алышып, Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылышкан. Аны туугандары менен коңшу колоңдору арачылап, алар чегарадан мыйзамсыз өткөн эки өзбек жоокеринин 50 огу жана эки автоматын алышып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырышкан. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиевден 3-июнда алынды. Анын айтымында, ушу сааттарга дейре курал-жарактарды сураган жана Абдрахмановду кармоонун себептерин түшүндүргөн Өзбекстандын расмий бийлиги, же чегара уюмдарынан кайрылуу боло элек. (YA)