Губернатор Кошбай Масиров жыйын өткөрүп, анда облустагы район-шаар жана айыл өкмөт башчыларын балдардын жайкы эс алуулары үчүн түздөн-түз жооп бере тургандыктарын эскертти. Алар башкарган аймактардагы балдардын эс алуу жайларын иретке келтирип, жайкы дем алуу өнөктүгүн мыкты уюштурууну милдеттендирди. Мындай маалымат облбийликтин маалымат кызматынан алынды. Облустук аймактык Профсоюздар кеңешинин төрагасы Уламсабыр Акматов облуста балдар үчүн сегиз эс алуу жайы бар экендигин айтты. Бирок бүгүнкү күнгө дейре эс алуу жайларына жолдомолор келе элек. Анын белгилешинче жолдомолор ар бир облуска социалдык фондго кошкон үлүшүнө жараша бөлүнүшү керек. Соцфонддун отуз пайыздайын төлөгөн облус үчүн ошончо жолдомо берилиши зарыл. Өткөн жылы балдар жана чоңдордун эс алуулары үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясы 577 жолдомо берген. (YA)
17:43 Жалалабат: Губернатор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн балдардын жайкы эс алуусун катуу сурай турган болду