Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Даниянын Пакистандагы элчилиги алдындагы жардырууну "ал-Каида" же анын өнөктөштөрү жасаган болушу мүмкүн


Мындай пикирин бүгүн Даниянын чалгын кызматынын башчысы Якоб Шарф билдирди. Ал эми пакистандык тергөөчүлөр учурда жардырууну жанкечти жасаганбы же ал башкача уюштурулганын аныктоого аракеттенүүдө. Бул аралыкта Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Даниянын Пакистандагы элчилиги алдында богон кечээги жардырууну айыптады. Жарылуудан кеминде алты адам мерт болуп, 35 киши жаракат алган. Алардын баары пакистандыктар. Быйыл жыл башында Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын айрым даниялык гезиттерде кайрадан басылгандан кийин өлкөнүн чалгын кызматы Дания үчүн террор коркунучу күчөгөнүн маалымдаган болчу.

XS
SM
MD
LG