Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

АКШда бүгүн праймериздердин акыркы экөө башталды


Муну менен Демократиялык партиядан президенттикке талапкерди аныктоо боюнча узакка созулган ички партиялык жарыш аяктоодо. Бүгүн Түштүк Дакота жана Монтана штаттарынын жашоочулары добуш берип жатат. Сенатор Барак Обама азыр атаандашы Хиллари Клинтондон Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин бекитүүчү жалпы улуттук курултайга чогулткан делегаттарынын саны жагынан алдыда. Ага талакер болуп бекиш үчүн 40тай делегат жетишпейт. Ал эми бүгүнкү праймериз өтүп жаткан соңку эки штат болгону 31 гана делегатты жөнөтмөкчү. Бул соңку чечим курултайда эркин добуш берүү укугуна ээ 200дөй "суперделегаттын" колунда экенин ишара кылууда. Көбүнесе партиянын расмий өкүлдөрдөн турган "суперделегаттардын" айрымдары азырынча өз көз карашын ачыктай элек жана кимди колдоорун бүгүнкү добуш берүү аяктаган соң жарыялар баштаары күтүлүүдө. Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча эртең таңкы саат 7-8де аяктайт.

XS
SM
MD
LG