Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

БУУ: СПИДге КАРШЫ КҮРӨШТӨ ЖЫЛЫШ БАР, БИРОК ДАГЫ ИШ КӨП


Өнүгүп келаткан мамлекеттерде былтыр дээрлик 1 миллион киши СПИДен өлүү коркунучун алдын алуучу дары ала башташты. Ошол эле убакта дагы 2 жарым миллион киши СПИДге --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/85B04E65-C1AE-4963-9072-5A2C5FA2509F.asp алып келүүчү ВИЧ инфекциясын жуктуруп алды. ЮЭнЭйдз жана Дүйнөлүк Саламаттык уюмдары биргелешип, ушул дүйшөмбүдө жарыялаган жылдык отчетто мына ушундай бир эсе кубанычтуу, бир эсе өкүнүчтүү жыйынтык айтылат.

СПИД оорусунан жылына 4 миллионго чукул адам каза табат, бул ооруну дарылап, алдын алуу мүмкүн экендигин эске алганда, бул өтө оор жоготуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык уюмунун жетекчиси Доктор Ли Жоң Вук мындай дейт:

- Дүйнө жүзүндө СПИДден күн сайын аз дегенде 8 миң кишинин өмүрү кыйылат. Бирок эгер аларда дарылануунун өтө жөнөкөй мүмкүнчүлүгү болгондо, алар тирүү калып, саламаттыгы да бекемделмек. Демек биз калк саламаттыгынын дүйнөлүк деңгээлдеги кризиси тууралуу сөз кылышыбыз керек.

Кубанычтуусу, былтыр Доктор Ли сөз кылган глобалдык саламаттык тармагында сөзгө алаарлык жылыштар болду. БУУнун агенттиктери - ЮЭнЭйдз менен Дүйнөлүк саламаттык уюму чогуу даярдаган отчетто айтылгандай, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө 3 миллион ооруну дарылоо максаты жетишилди. Мындай максат 2005-жылы коюлган эле. 2007-жылы "анти-ретро-виралдык" деп аталган атайын дарылар менен дарылангандардын саны 54 пайызга өстү. Бирок, бул - мындай дарыланууга муктаж болгондордун үчтөн бири гана.

ВИЧ инфекциясы оорулуу энелерден балдарга өткөн учурларды алдын алууда да кыйла жылыш жасалды. ВИЧ инфекциясын жуктурган боюнда бар аялдардын ар бир үчүнчүсү былтыр дарыланууга мүмкүндүк алды. Бул көрсөткүч 2004-жылы 10 гана пайыз болчу. Бул жааттагы ири жылыштар Батыш жана Борбордук Африкада катталды.

"Бул жылыштар биздин аракеттен майнап чыга баштаганын көрсөтөт" деп айтты ЮНИСЕФ балдар агенттигинин програмдоо кызматкери Патриция Дафти «Нью-Йорк Таймс» гезитине берген маегинде.

Бирок оору энеден балага өткөн учурларды алдын алуу жаатында тиешелүү система түптөлгөнү менен, энелердин суроо-талабы эсепке алынбай жатат. Мисалы ВИЧти жуктуруп алган кош бойлуулардын 12 пайызынын гана алардын өздөрүн дарылоо кереги бар, же жок экендиги аныкталган. СПИДге чалдыккан энелер көз жумса, алардын балдары бул оорудан куткарылган күндө да, жетим ымыркайлардын жетилиши кыйындап, ал тургай чарчап калуу коркунучу өсөт.

Соңку отчетто эркек балдарды отургузуунун да СПИДди алдын алуудагы олуттуу ролуна басым жасалды. Анткени бир гана ушул жол менен келерки 10 жыл ичинде Африкада 300 миң кишинин өмүрү сакталып калмакчы. Бирок бул ыкма кеңири колдонулбаган өлкөлөрдө балдарды массалык отургузуу үчүн тиешелүү шарт түзүү бир күндүн иши эмес. Ушуга байланыштуу Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун СПИД/ВИЧ бөлүмүн жетектеген Доктор Кевин Де Кок бул стратегияны колго алуу иши "салыштырмалуу" жай жүрүп жаткандыгын моюнга алды.

XS
SM
MD
LG