Франциянын легендарлуу актрисасы Бриджит Бардо диний араздашуу отун тутандырганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 23 миң АКШ доллар айып пул төлөмөй болду. Бардо 2 жыл мурун Франциянын ал учурдагы ички иштер министри Николя Саркозиге кат жазып, мусулмандар Францияны бүлүндүрүп жатышат деп даттанган жана алардын чоң майрамдарда малды курмандыкка чалышын айыптаган. Бриджит Бардо жаныбарлардын укугун коргоо өнөктүгүнүн активдүү катышуучусу катары да белгилүү.