“Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, Хилари Клинтон Нью-Йорктун конгрессмендерине Барак Обаманын вице-президенти болуп иштөөгө даяр экендигин билдирген. Кечээ кечинде айрым массалык маалымат каражаттарында Хилари Клинтон атааңдашы Барак Обамага жеңилгендигин мойнуна алды деген маанидеги имиш сөздөр тараган эле. Клинтондун кызматкерлери бул маалыматты четке кагышкан болчу.
Клинтондун сонку билдирүүсү АКШда 5 айдан бери уланган сынамык шайлоолордун акыркы экөөсү аягына чыгып жатканда жасалды. Кечээ Демократиялык партиядан президенттикке талапкерди аныктоо үчүн Түштүк Дакота жана Монтана штаттарынын тургундары добуш беришти. Сенатор Барак Обама азыр атаандашы Хиллари Клинтондон Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин бекитүүчү жалпы улуттук курултайга чогулткан делегаттарынын саны жагынан алдыда. Ага талакер болуп бекиш үчүн 40тай делегат жетишпейт. Демократиялык партиядан президентикке талапкер аныкталгандан кийин ал республикачыл Жон Маккейн менен атааңдашат. АКШдагы президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.