Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча өлкөдөгү 154 миң гектардан ашуун айдоо аянтынын 105,8 миң га жерине чегирткеге каршы химиялык уу заттар чачылды. Анын ичинен Жалалабаттын Аксы, Ноокен, Токтогул райондорундагы 75,8 миң гектар айдоо аянтынын 68 миң гектарга жакын жеринде зыянкечтер жок кылынды. Ош областынын Араван, Ноокат райондорунда бардык айдоо аянттарына уузаттар чачылып бүттү. Баткен облусунда 17,7 миң гектар жер иштелип бүтүп, Лейлек районунун Катыраң айлындагы 195 гектар жери гана калды. Талас облусунун Манас районунда 2 миң га жерге уузат чачылды. Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Сокулук жана Чүй райондорундагы 6,4 миң га жердин 5,3 миң гектары иштетүүдөн өттү, калганы ушул жума ичинде аяктайт, деп маалымдалат. Өкмөт ошондой эле Нарын облусундагы Акталаа жана Нарын райондорундагы 15 миң га айдоо аянтты зыянкечтерден тазалоо үчүн дары чачуучу 4 трактор жиберген, жакынкы күндөрү АН-2 учагын же мотодельтапландарды жиберүүнү максат кылууда. (ZKo)