Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

АКШда президенттик шайлоого демократтардын атынан Барак Обама талапкер болоору ыктымалдан алыс эмес


АКШда Демократиялык партиянын баштапкы шайлоолору аяктады, акыркы добуш берүүлөр Монтана жана Түштүк Дакота штаттарында өттү. Бирок анын жыйынтыгы расмий жарыялана электе эле Барак Обама Хиллари Клинтондун үстүнөн жеңишке ээ болгондугу айтылууда. АР агенттигинин маалыматына караганда, Барак Обама суперделегаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна жетишкен. Бирок ошол эле учурда Клинтондун шайлоо штабы Обаманын жеңишке жетишкенин тааный электигин билдирүүдө. Ноябрдагы шайлоодо демократтардын жеңиши үчүн Барак Обама менен тандем түзүп, вице-президенттикке талапкер болуп шайлоого барууга Хиллари Клинтон макул экени да айтылууда.

XS
SM
MD
LG