Комитетти Коомдук парламенттин мүчөсү, адвокат Касымбек Раимкул уулу жетектөөдө. Анын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча “Де-факто” гезитин коргоо комитети” Биринчи Май райондук сотунун гезитке 1 млн сом айыппул салган чечимин жокко чыгаруу максаты менен жогорку сот бутактарына кайрылып, гезитти сотто укуктук жактан коргоого алууну көздөөдө. Экинчиден гезит редакциясында уюштурулган “Бакиевдерге жардам” акциясы аркылуу гезиттин окурмандарынын көптүгүн, биримдигин көрсөтүү, жер-жерлердеги “Де-факто” гезитин коргоо комитеттеринин координациялык иш алып баруучу кеңеши болуп эсепетелет. Мындан тышкары комитет жалпы эле өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо боюнча иш алып барат, дейт Касымбек Раимкул уулу.
2-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн “Де-факто” жана “Алиби” басылмаларына 1 млн сомдон айыппул салган. Аталган гезит редакторлору соттун чечими саясий чечим болду, деген пикирде. (ZKo)