Бул тууралуу бүгүн Экономика жана соода министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди. Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча жыл башынан бери жер жемиштерге болгон баа дээрлик 32,09 % өстү. Ал эми мөмө жемиш 8, 46 % , дан өсүктөрүнө болгон баа 13,4 % га көтөрүлдү. Экономика жана соода министрлигинин түшундүрмөсү боюнча баалардын асмандашына ички фактор катары жазгы үшүктү эсептесе болот. Алдын ала маалыматтар боюнча андан 100 миң га эгин талаалары жабыр тартты. Министрликтин божомолу боюнча баалардын асмандашы күзгө барып токтойт. (EK)