Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

16:33 Барскоондуктар “Кумтөр” ишканасына 10-июнга чейин убакыт берди


Барскоондуктар “Кумтөр” ишканасы милдеттендирилген 28 млн. сом каражатты 10-июнга чейин төлөбөсө нааразычылык иш-чарасына чыгууну көздөшүүдө. Мындай кадамга баруу Тамга, Тосор, Чоң жана Кичи Жаргылчак айылдарында өткөрүлгөн атуулдук форумда аныкталды. “Карек” бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева канадалыктардын алтынды казып кеткенден кийинки химиялык калдыктарын мамлекет көзөмөлдөбөй атканын белгиледи. Жетиөгүздүктөр компенсацияга делген 28 млн. сомду төлөбөсө саясий митингдерди баштайбыз деп атат. Белгилеп кетчү нерсе, 21-майда цианид кырсыгынын он жылдыгы Барскоон айылында белгиленип, анда да айыл чарба чыгымдары үчүн убада болгон 28 млн. сомду 26-майга чейин төлөп берүү талаптары коюлуп, бирок реакция болгон эмес. (RB)

XS
SM
MD
LG