Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Бүгүн Тянанмен аянтындагы кыргынга 19 жыл болду


Кытайдын ордо шаары Бээжинде 1989-жылы 4-июнда демократиячыл күчтөрдүн ири демонстрациясы кандуу жазалоо менен басылган. Гонконгдо миңдеген укук коргоочулар бул жылдыкка байланыштуу шам чырак күйгүзүп, жазыксыз курман болгон маркумдарды эскеришүүдө. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул окуя - өлкөнүн ички окуясы экенин жана ага катышы барлар өз баасын алганын кечээ билдирди, бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак бул билдирүүгө макул болбостон, Тянанмен аянтында курман болгон, камакка алынган жана дайынсыз жок болгон кишилер тууралуу расмий Бээжин толук маалымат берүүгө тийиштигин айтты.

XS
SM
MD
LG